• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

ДCCУ Кыргызстанга 100 кычкылтек концентраторун берди

19 Баш оона 202012:12 Бишкек Govori.TV

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 100 кычкылтек концентраторун берди.

Саламаттык сактоо министрлиги 19-августта кабарлагандай, гуманитардык жардамдын суммасы 59 миң долларга барабар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия башталгандан бери Кыргызстанга медициналык жабдуулардан жана адистерге кеп-кеңеш берүү жагынан жардам берип келатат.

Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери 42325 киши жуктуруп, алардын 35 197 сакайды. Илдетке каршы республикалык штаб илдеттен 1054 адам көз жумганын кабарлады.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 18-августка карата берген маалыматта вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганын жарыялаган. Ушул эле күнү саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйын учурунда вирустан каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын айткан. 

Количество просмотров: 43