ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев унааны жана кыймылсыз мүлктү милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун сынга алды.
Депутаттын айтымында бул жарандар үчүн кошумча чыгымдар.
«Эмне максат менен силер ар бир жаранга унаасына милдеттүү түрдө камсыздандыруу киргизип жатасыңар? Ар бир жаран ансыз деле салык төлөп жатпайбы. Бензинге акциздик салыкты биз төлөп жатабыз, техникалык кароодон да өзүбүз төлөйбүз. Анын үстүнө азыр мойнубузга камсыздандыруу илинет, ал ыктыярдуу болушу керек», — деди депутат.
Ал кыймылсыз мүлктү милдеттүү камсыздандырууга каршы эместигин, бирок алгач турак жайларды мамлекеттик стандарттарга ылайык келтирүү керектигин айтты.