• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Дем алыш күндөрүнө байланыштуу унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктайт

30 Баш оона 2018 11:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.08.2018.Govori.TV.
Унаа, турак-жай жана батир, ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөөнүн акыркы күнү дем алыш күндөрүнө туш келгендиктен, бул салыктарды төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктайт.
Андыктан, унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөөгө жетишпей калган жарандар калган күндөрү, анын ичинде 4-сентябрда төлөй алышат.
Салык органдары жарандарды 4-сентябрга чейин, анын ичинде майрам жана дем алыш күндөрү эртең мененки саат 9дан кечки саат 10го чейин кабыл алышат. Салыктарды айрым банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.
Салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндөгү административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелмекчи.
Количество просмотров: 28