• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ден соолук паркындагы даараткананын айнек дубалы караңгылатылды

18 Баш оона 202011:55 Бишкек Govori.TV

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары жаңы ачылган сейил бакта курулган даараткананын дубалдары айнектен жасалганын айтып, бул долбоорду колдогон мэриянын ишин сынга алышкан эле.

Алардын айтымында элдер айнек дубалдуу дааратканага кирүүдө ыңгайсыздык болуп жатканын айтышкан.

Ал эми мэриянын басма сөз кызматы маалымат таратып, айнектер караңгылатуучу плёнка менен чапталганын айтышты.

Мэриянын маалыматы боюнча жарандар талап кылып чыгышкан соң дубалдагы айнектерди караңгылатуу чечими кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил багы курулган. Президент Сооронбай Жээнбеков сейил багына барганында коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштаган болчу.

Количество просмотров: 88