• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Денеси багаждан табылган адамдын өлүмүнө шектүүлөр жатак абакта жаза өтөп жатканы айтылды

1 Жетинин айы 2019 10:51 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери тарабынан жансыз денеси «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайындагы унаадагы багаждан табылган таксисттин өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, 23-октябрда «Хонда Торнео» үлгүсүндөгү унаанын багажынан Чүй облусунун 39 жаштагы тургуну — таксист К.Х.К.нын зомбулук менен өлтүрүлгөн денеси табылган. Тергөө кызматы бул фактты Жазык кодексиндеги 130-берененин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

«Кылмыштын бетин ачуу үчүн ИИМдин, Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн. Тергөө тобу шектүүлөрдүн өздүгүн аныктоого багытталган иш-чараларды жүргүздү. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Талас, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын аймагында ыкчам тергөө иш-чаралары уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр:

Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Б.Ч., буга чейин бир нече жолу уурулук, зордуктоо жана каракчылык боюнча соттолгон;

Ош облусунун 32 жаштагы тургуну И.А., буга чейин бир нече контрабанда жана баңгизат сактаганы үчүн соттолгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Б.Ч. Кеминдеги №38 жатак абакта, И.А. Молдовановка айылындагы №26 жатак абакта жазасын өтөп жатышкан. Экөө тең жатак абакка 2018-жылы которулган.

Мындан тышкары шектүүлөрдүн шеригинин өздүгү аныкталды. Ал — Ош облусунун 28 жаштагы тургуну М.А., буга чейин тоноо жана бейбаштык боюнча сот жообуна тартылган. Учурда аны кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

«К.Х.ны өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн шектүүлөр Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү абагында жаза өтөп жаткан жарандар болгон. ЖАМКтын жетекчилигинин көзөмөлү жок болгондуктан ушундай кылмыш жасалды», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.

Булак: АКИпресс

Количество просмотров: 1011