• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат, А.Токторов: «Энергетика тармагында маселе чоң. Дагы көп адам жоопко тартылат»

28 Кулжа 2018 11:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28. 06. 2018.Govori.TV

Өлкөгө алынып жаткан насыялар натыйжалуу иштетилбей жатат. Бул тууралуу депутат Алмазбек Токторов парламент жыйынында айтты.

Мында депутат  алынып жаткан насыя боюнча нааразычылыгын билдирди.

“Бул насыяны да үнөмдөп пайдалануу менен кайтарабыз деп айтып жатасыңар. Бишкек ЖЭБине алынган 386 миллион долларлык насыяны да тарифтин эсебинен кайтарабыз деп жазгансыңар. Туурабы?  Азыр үнөмдөсөңөр болбойбу? Жылына ушул тармакка бөлүнгөн 400 миилион доллардын 200 миллион доллары уурдалып жатканы аныкталып жатпайбы. Ошолбу үнөмдөгөнүңөр»-деди депутат.

Мындан сырткары энергетика тармагында  чоң көйгөйлүү маселелер бар экендигин жана бул боюнча  көп адам жоопко тартылат деп кошумчалады  эл өкүлү Алмазбек Токторов.

 

 

Количество просмотров: 22