• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат: Айрым партиялар админресурту колдонуп жатат

7 Теке 2021 13:56 Бишкек Govori.TV

Депутат Марлен Маматалиев 7-июлдагы жыйында Министрлер кабинетинин өкүлүнө кайрылып, шаардык кеңештерге шайлоодо административдик ресурс колдонуу болуп жатканын айтты.

Эл өкүлү кайсы партия административдик ресурс колдонуп жатканын ачык айткан жок.

«Биз 11-апрелдеги шайлоону жокко чыгарганыбыздын пайдасы жок болуп жатат. Анткени кайра эле ошол шайлоодогу мыйзам бузуулар кайталанып жатат. «Форма-2» жокко чыгарылганы менен элди массалык каттоолор болууда. Айрым партиялар админресурсту толук колдонуп жатат. Квартал башчылары да мыйзам бузууга барууда. Эми мурунку шайлоону жокко чыгаргандан кийин укук коргоо органдары бул шайлоодогу мыйзам бузууларга жакшы көңүл бурушу керек. Таза шайлоо өткөрүшүбүз керек«,-деди депутат.

Белгилей кетсек,11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо өтөт. Бишкекте шайлоого 18 партия катышат.

Количество просмотров: 94