• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Айсулуу Мамашова адеп сабагы боюнча окуу китебинде жайгаштырылган материалга нааразы

7 Бештин айы 2018 12:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.12.2018. Govori.TV

Депутат Айсулуу Мамашова («Ата Мекен») адеп сабагы боюнча окуу китебинде жайгаштырылган материалга нааразы.

6-декабрда парламенттин жыйынында ал социалдык тармактарда бул материал талкууга алынганын билдирди.

 

«Акыркы убакта окуу китептеринде грамматикалык жактан да, мазмуну жактан да каталар аныкталууда. Бул чоң көйгөй болуп калды. Мына, мисалы, соцтармактарда 3-класстын окуучулары үчүн адеп китебинде жайгаштырылган материал талкуу жаратты. Анда чылым чегип, кыска юбка кийген кызга бүтүндөй ыр арнашыптыр. Качантан бери сабактарда жек көрүп, башкаларды сындаганды үйрөтүшөт?», — деди ал.

 

Булак: Билим АКИpress

Количество просмотров: 37