• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын айтты

14 Бештин айы 2022 9:44 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын айтып чыкты.

«Бишкек шаарынын административдик соту мыйзамды одоно түрдө бузуу менен бир жыл мурда болуп өткөн Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын кайра кароого жана ыңгайсыз депутаттардын мандатын алып коюуга жол ачып берди. Бишкек шаарынын административдик сотунун бул негизсиз жана мыйзамсыз аныктамасын даттанабыз»,-деп жазды ал.

Эске салсак, 17-ноябрда парламентте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн атайы депутаттык комиссия түзүлгөн. 

Количество просмотров: 351