• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат Бакиров өзүнө карата саясий кысым болуп жатканын айтты

21 Жетинин айы 2022 9:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров өзүнө карата саясий кысым болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал ПолитКлиника медиасына берген маегинде билдирген.

«Бүгүн эле мага маалыматтар келди, Жаңы-Ноокаттан өзбек туугандарды алып чыгып, чөнтөгүнө баңги салып, диний уюмдардын китептерин үйүнө таштап, «Бакировго каршы көрсөтмө бербесең мына ушул беренелер боюнча камаласың» деген коркутуу-үркүтүүлөр жүрүп жатыптыр. Ар тараптан саясий кысымдар болуп жатат» , — деди депутат.

Эске салсак,17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Бакиров Ташиевге кыргыз-өзбек чек арасындагы Керкедан аймагы боюнча суроо узаткан.

Ошол эле жыйында «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты Фархад Исмаилов УКМК башчысына болушуп, Бакиров менен мушташа кете жаздаган.

Кийин Өмүрбек Бакировдун Жогорку Кеңештеги кызматтык бөлмөсү алмаштырылган. Ал 7-кабаттагы бөлмөсүнөн чыгарылып, башка бөлмө берилгени тууралуу сүрөт социалдык тармактарга тараган.

Количество просмотров: 269