• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Боронбаев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Ордуна ким келет?

14 Бирдин айы 2024 15:02 Бишкек Govori.TV

ЖКнын “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Боронбаев эмне себептен депутаттыктан кетип жатканы белгисиз.

Мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев депутаттык мандатты 2022-жылы алган.

Ал эми БШК бүгүн Боронбаевдин арызын кароо менен ЖКнын депутатынын мандатын Саидбек Зулпуевге өткөрүү маселесин карайт. Зулпуев 2022-жылдагы шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмесинде катышкан болчу.

Эске салсак, УКМК бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген. Бул кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Анда Нурлан Ражабалиев 12 млн. сом, Абдыбахаб Боронбаев 8 млн. сом бюджетке төккөнү маалымдалган.

Ал эми Боршайкомдун жыйынында Боронбаевдин соттуулугу жок экени айтылган.

Количество просмотров: 111