• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Дастан Бекешев менен Садыр Жапаров жолугушту

2 Бештин айы 2020 16:39 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөт башчылык милдетин убактылуу тапшырган Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу депутат Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бекешевдин айтымында, жолугушууда конституциялык реформалар тууралуу сөз болгон.

«Бүгүн мен Садыр Жапаров менен жолуктум. Жолугушуу конструктивдүү жана позитивдүү мааанайда өттү. Биз аны менен ар кандай саясий темаларды талкууладык, 2012-жылдагы окуяларды эстеп, конституциялык реформа жана башкаруу формасы жөнүндө сүйлөштүк»,-деп жазган Бекешев.

Количество просмотров: 1543