• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылды

20 Аяк оона 2020 20:30 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынан талапкер Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул маалыматты «Азаттыкка» ал өзү ырастады.

Анын сөзү боюнча, 17-сентябрда өзүн «Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүмүн» деп тааныштырган Бектур Калиев деген адам телефон чалып күбө катары суракка келүүнү өтүнгөн. Бирок расмий чакыруу келген эмес.

«Эмне иш боюнча чакырып жатканын тактаган жокмун. «Мен үгүт иштери менен аймактарда жүрөм, суракка бара албайм» десем, «Бишкекке келериңиз менен чалып коюңуз» деди. Бишкекке келгенден кийин юристтер менен сүйлөшсөм мен талапкер болгондуктан 4-октябрга чейин тергөө иштерине барбай коюуга мыйзам жол берет экен».

Элвира Сурабалдиева буга чейин кайсы бир иш боюнча суракка чакырылбаганын кошумчалады.

Шайлоого талапкер болуп катталган адам кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, шайлоонун жыйынтыгы чыкканча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) макулдугусуз сот жообуна тартылышы, кармалышы, камакка алынышы мүмкүн эмес. Мындай талап «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамда жазылган.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынан төртүнчү тизмеде баратат.

Количество просмотров: 122