Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат.
Маалыматка караганда, депутаттын арызы БШКнын жыйынында каралат.
Кошумчалай кетсек, Сурабалдиева 2015-жылы КСДП партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Сурабалдиева «Ата-Мекен» партиясы менен барган. Бирок шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан улам жокко чыгарылды. Кайра шайлоого чейин VI чакырылыштын депутаттары ишин уланта берет.