Депутат Алишер Эрбаев Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Алишер Эрбаев Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
«Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды»,-деп жазылат маалыматта.