• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин унаасы жол кырсыгынан кийин айып короого киргизилди

29 Үчтүн айы 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин унаасы жол кырсыгынан кийин айып короого киргизилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-январь күнү Тимирязев жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жерине милиция кызматкерлери барган.

«Lexus 570 үлгүсүндөгү унаанын 1991-жылкы И.А. аттуу айдоочусу Чокморов көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатып Mercedes автосу менен кагышкан. Андан кийин жолдун четинде токтоп турган Honda Accord унаасын сүзүп алган. Lexus унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден кетип калган. Бирок бир нече убактан кийин кайра кайтып келип, жол кырсыгы тууралуу «102» кызматына кабарлаган», — дешти милициядан.

Жабыркагандар жок. Азыркы учурда үч автоунаа тең айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. Топтолгон материалдар Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына мындан ары иликтөөлөрү үчүн жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 12787