• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат өкмөт башчы Улукбек Мариповго чара көрүү маселесин көтөрдү

17 Кулжа 2021 12:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө депутат Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго чара көрүү маселесин көтөрдү.

Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылды.

«Балким Улукбек Марипов сиз менен жолуккандыр. Балким сизде маалымат бар. Урматтуу кесиптештер, комитеттин чечимин чыгарыш керек. Ишенбөөчүлүк көрсөтөбүзбү же Улукбек Марипов өз ишин так аткара алган жок деп, бир чечим чыгарыш керек. Ошондо маселе олуттуу болот. Азыр келет, сүйлөйт, кетет. Мына кечээ Бакыт Райымкулов сүйлөгөн. Ал (Марипов) биз менен сүйлөшпөй калды, пресса аркылуу жооп берип койду Райымкуловго. Ал биз менен пресса аркылуу сүйлөшүп жатат. Жаңы дайындалганда эмне деп айтты эле, чоң атанын сөзүн сүйлөгөн, акимдер, арыктарыңарды тазалагыла деп. Мына жыйынтык жок, суу жок. Ушул жерде трибунадан Кайырма каналы жөнүндө айтып, эмне болду? Эмне кылабыз келтирип? Азыр комитет карасын, жыйынтык чыгарсын. Азык-түлүктүн баасы көтөрүлдүбү, аркы-берки маселелер көтөрүлдүбү, мына ушулардын негизинде бир чечим чыгарып коюш керек. Президентти уят кылып жатат. Жаңы Конституциянын негизинде иштебейби жок дегенде. Акттарды, дайындоо, буйруктарды кайсы мыйзамдын негизинде чыгарып жатат? Бул түздөн-түз мыйзам бузуу. Конституция боюнча президентке гана укук берилген. Мариповго нааразычылык күчөп жатат», — деди Төрөбаев.

Депутаттар Улукбек Мариповду Жогорку Кеңешке чакырып, сугат суунун жетишсиздиги жана азык-түлүккө болгон баалардын көтөрүлүшү өңдүү маселелер боюнча маалымат алууну талап кылып жатышат.

Количество просмотров: 725