• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат: «Кумтөргө» тиешеси бар чиновниктердин жоопкерчилиги каралышы керек

17 Бугу 2021 17:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Кумтөргө тиешеси бар чиновниктердин жоопкерчилиги каралышы керек экендигин айтат.

Ал билдиргендей, бирок артка эле кайрылып карап, өткөндү каза берүү менен алдыга жылуу болбойт.

«Негизи жоопкерчилиги каралуусу керек деп ойлойм, бирок биз өтө артка кетип эски 15-25 жылдыктарды чукулай берсек алдыга анча кете албай калабыз деген менин өзүмдүн жеке пикирим бар. Себеби, алдыга жылыш үчүн эскини эстен чыгарып…. бирок аларга сөзсүз күнөөсүн угузуп кою керек, мындай катачылык кетирдиң деп, бирок эми камап, эми алардын бир бөлүгү карыды же бир бөлүгү өлүп калыптыр дагы. Бирок, элге угузуп коюу керек. Эми алардын артынан деле түшүп алуу туура эмес, биздин алдыда чече турчу нерселер, маселелер көп. Эми айтып жатышат аттарын чыгарабыз, камаганда билесиңер деп, көрөбүз да», — деди депутат.

17-майда парламенттин жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр боюнча учурда төрт кылмыш иши тергелип жатканын айткан. Анын бири убагында «Кумтөргө» байланыштуу келишимдерди кабыл алган жетекчилерге байланыштуу, калганы ошол учурда жооптуу кызматта тургандар боюнча, арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар.

«Азырынча суракка чакырыла турган жетекчилердин аты-жөнү ачыкталбайт. УКМКда конкреттүү кылмыш иштери ачылган, ал чыккынчылыкка байланыштуу эмес. Сиздер бүгүн токтом кабыл алып берсеңиздер, эртеңден тарта суракка чакыра баштайбыз», — деди Ташиев депутаттарга.

Ташиевдин айтымында, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, айрым депутаттар жана бир топ кызмат адамдары коррупция үчүн айыпталып жатат.

Ошондой эле Салык кызматы менен Социалдык фонд аркылуу мамлекетке түшпөй калган 1,5 миллиард сом боюнча «Кумтөр Голддун» жетекчилеринин экологияга келтирилген зыян боюнча чечимдерине байланыштуу иштер иликтенүүдө.

Количество просмотров: 115