Кылмышкерлерден кыргыз паспортунун табылышы, биздин өлкөнүн аброюна шек келтирип жатат. Мындай пикирин ЖК депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.
«Кыргызстандын аброюна шек келтирген мындай жагдайлар кайталанып келет. Муну колго алып, өкмөт башчы жеке көзөмөлүнө алуусу керек. Чет жерлерде кылмышкерлердин колунан кыргыз паспортунун чыгып жатканы биздин өлкөнүн аброюна шек келтирип жатат. Мындай нерселерди катуу көзөмөлгө алуу керек, — деди Жээнчороев.