• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Депутат: Мадумаров менен ойногонду үйрөнүш керек

22 Кулжа 2022 19:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Мыйзам долбоору бир нече добушка коюлганда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын мүчөлөрүнүн баары жана «Ыйман Нурунун» лидери Нуржигит Кадырбеков добуш бербей коюп, казиного уруксат берүү мыйзам долбоору ара жолдо калды.

«Башка айлабыз калган жок. Каршы добуш берсек баары бир өтүп кетет. Башка пикирлерди угууга тыюу салдыңар. Бул мыйзамга биз караманча каршыбыз»,-деди Мадумаров.

Ал эми депутат Акбөкөн Таштанбеков Адахан Мадумаров менен ойногонду үйрөнүш керектигин айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Эч кандай трагедия болгон жок. Бул күнүмдүк жумуш. Мадумаров 30 жылдан бери Мадумаров. Эмне кылсаңар деле Мадумаров бойдон калат. 30 жылдан бери эч ким өзгөртө албай койду. Сабашты айтор эмне гана кылышкан жок. Ошондуктан Адахан Мадумаров менен ойногонду үйрөнүш керек. Мойнубузга алышыбыз керек бүгүн 1:0 кылды. Өкмөткө голду киргизди. Эми чуу түшпөй ойногонду үйрөнүү керек»,-деди депутат Таштанбеков.

Количество просмотров: 3807