Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду эмне үчүн күзөтчүлөр коштоп жүргөнүнө кызыкты.
«Ушунча кишинин коштоп жүрүшү мамлекеттик бюджетке бир катар чыгымдарды алып келет. Жолдорду тосуу жана тыгындардын жаралышы. Баш тартууга убакыт келди», — деди Бекешев.
Эл өкүлүнө президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов жооп кайтарды.
«Министрлер кабинетинин башчысы азыр мындайча айтканда президенттин жардамчысы. Буга чейин өкмөт башчыны коштоп жүргөндөй эле Министрлер кабинетининтөрагасын дагы күзөтчүлөр коштойт», — деди ал.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 6-октябрдагы кезектеги жыйынында «министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоорун карашты.