Парламенттин 7-июлдагы жыйынында Кыргызстандын жараны, «Сапат» билим берүү мекемелеринин жетекчиси Орхан Инандынын жоголгону тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматы угулуп жатат. Жыйында депутат Марлен Маматалиев «Сапат» лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркиянын бир жараны менен алмашууну сунуштады.
«Кыргызстанда кылмыш кылып абакта отурган Түркиянын жарандары менен Орхан Инандыны алмашуу маселесин көтөрүш керек. Башка вариант жок да, туурабы? Болбосо кинолордон көргөндөй биз дагы Түркиядан бирөөнү уурдап келип анан алмаштырышыбыз керек. Инанды кайсы улуттан болбосун өз жараныбызды коргоо абзел», — деди Маматалиев.