• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Депутат Руслан Казакбаев Тышкы иштер министри болду

14 Тогуздун айы 202013:55 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына шайланды. Ошону менен катар өкмөттүн ал сунуштаган курамы жана структурасы жактырылды.

Жапаров депутаттардын алдында сүйлөп жатып өкмөттүн курамында 15-20% өзгөрүү болорун билдирип, тизмесин жарыялады.

Ага ылайык мурдагы экономика министри Артем Новиков биринчи вице-премьерликке, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов жана Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматтарга сунуш кылынып жатат.

Ал эми депутат Руслан Казакбаев Тышкы иштер министри болуп шайланды.

Количество просмотров: 375