• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Депутат: Саламаттык сактоо министри уу коргошун ичкенге убакыт табат, парламентке келгенге убактысы жок

28 Чын куран 202112:42 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри уу коргошун ичкенге убакыт табат, парламентке келгенге убактысы жок. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бекешев саламаттык сактоо жан өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүү маселесин кароону сунуштады.

«Саламаттыкты сактоо министри парламентке келип отчёт берсин. Биз өзүбүз дагы күнөлүүбүз. Бул жактан Конституцияны өткөрүп алып, жада калса министрлер парламентти сыйлабай калышты. Керек болсо кээ бир депутаттарга чалып кыйкырып жатат. Аны жумуштан кетирүү маселесин караш керек», — деди Бекешев.

Количество просмотров: 128