• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат: Уюшкан кылмыштуу топторду каржылап жаткан саясатчылар кимдер?

19 Үчтүн айы 2023 13:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге «Уюшкан кылмыштуу топторду каржылап жаткан саясатчылар кимдер?» деген суроо салды.

Өз кезегинде Нурбек Абдиев учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын, тергөө бүткөндөн кийин гана маалымат бериле турганын белгилеп, төмөндөгүлөрдү билдирди.

“Бул боюнча маалымат бербесек, “жарандар бизге кылмыш иши козголуп, кылмыш жообуна тартылышыбыз мүмкүн” деп кайрылышат. Бул дагы алдын алуу чараларынын бирине кирет. Ошондуктан биз жарандарга “уюшкан кылмыштуу топторго аралашпагыла, алар менен бизнес жүргүзбөгүлө” деген эскертүүлөрдү берип турушубуз керек”, — деди Абдиев.

Эске салсак, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев буга чейин «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында айрым ишкерлер, саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, чогуу ишкердик жүргүзүп жаткан тууралуу маалымат бар экенин айткан болчу.

Количество просмотров: 197