• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутат Ж.Акаев: “Журналист Эгизбаев көзгө сайып көрсөтүп берген коррупциялык иштер аягына чыкпай жатат”

13 Аяк оона 2018 11:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.09.2018. Govori.TV

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында бир катар коррупциялык иштер аягына чыкпай жаткандыгы айтылды.

Депутат Жанарбек Акаев сууга чөгүп каза болду делген. журналист Уланбек Эгизбаев коомчулукта резонанс жараткан чуулгандуу иштердин бетин ачып бергендигин айтып, алардын аягына чыкпай жаткандыгын сынга алды.

“Көр саткандар Уланды коркутканда аларга бирооз сурак да болгон жок. Тарых музейиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү Эгизбаев биринчи алып чыкты эле. “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схеманын бетин ачып берди эле. Аткаруу бийлиги жок дегенде көзгө сайып көрсөтүп берген коррупциялык иштерди аягына чыкпайбы!”,- деген эл өкүлү, тизмектелген иштер боюнча маалымат берүүнү талап кылды.

 

Количество просмотров: 18