• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Депутат Жамгырчиев камакка алынды

25 Үчтүн айы 2024 0:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасы каралып, камакка алынды.

Соттун чечимине ылайык, Жамгырчиев 26-февралга чейин камакта болот.

Эске салсак, 10-январда парламент депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ага «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып коюлган.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми депутат Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп качып кеткени маалымдалган.

Соцтармакта «депутаттын качып кетип жаткан учуру» деген видео тараган.

Кийин ал УКМКга суракка барганы маалымдалган.

Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында комментарий берген. Ал депутаттарга кайрылып, тергөө иштери жүрүп жатканын, иш сотко өтүп өкүм чыккандан кийин гана сын-пикир айтылышы керек экенин айткан.

Количество просмотров: 160