• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Жамгырчиев иши боюнча үн катты

16 Үчтүн айы 2024 14:59 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынына катышып, ага козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берип, кесиптештерине кайрылды.

«Алдын ала сын пкирден алыс болсок. Тергөө иштери жүрүп жатат, иш сотко барат. Өкүм чыккандан кийин гана сын-пикир айтсак. Менин артымда да ата-эне, үй-бүлө, бала-бакыра деген бар. Аларды да, өзүмдү да ыңгайсыз абалга кептеп коюп атабыз. Кудай андан алыс эле кылсын бирок, башка мындай иш түшсө карайлап калат экенсиң. Андан көрө колуңардан келсе соттун өкүмүн күтсөк”, — деди ал.

Эске салсак, 10-январда парламент депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ага «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып коюлган.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми депутат Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп качып кеткени маалымдалган.

Соцтармакта «депутаттын качып кетип жаткан учуру» деген видео тараган.

Кийин ал УКМКга суракка барганы маалымдалган.

Количество просмотров: 199