• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Депутат Жамгырчиевдин тергөөчүлөрдөн качып кеткени айтылууда

9 Үчтүн айы 2024 23:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-январда айрым ЖМКлар Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев тергөөчүлөрдөн качып кеткенин жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышкан.

«Азаттык» жарыялаган видео материалда Жамгырчиев өзүн кармаганы келишкенин айткан.

УКМК азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия эл өкүлү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергени кабарланды.

Мунун алдында Жамгырчиев ЖМКларга маалымат жыйын өткөрөрүн билдирген, бирок ал белгисиз себептерден улам өткөн эмес. Ал эми депутаттын учурда каякта экени белгисиз болууда.

Количество просмотров: 202