• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Депутат Жумалиевдин куран кармап жооп бергени талкуу жаратууда

5 Бугу 202018:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-майда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев экс-прокурор Сыймык Жапыкеевдин айткандары боюнча “САНАТ” телеканалындагы “Актуалдуу тема” көрсөтүүсүндө мамлекеттин казынасына кол салбаганын куран кармап айтып бергени социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда. Көпчүлүгү куран менен ойнобош керек деген түрдүү пикирлерин калтырышууда.

Эске салсак, буга чейин экс-прокурор Сыймык Жапыкеев “Фейсбук” баракчасынан түз эфирге чыгып, Роза Аманованын жолдошу Кубанычбек Жумалиевдин көп суммадагы байлыгы бар экенин жана бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзамсыз тапканын айтып чыккан.

Количество просмотров: 523