Бишкек. 18.01.2019. Govori.TV
16-январда Жогорку Кеңештин жыйынына көйнөк кийип келбегени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылган.
Болгон окуядан соң социалдык тармакта катуу талкуу жаралып, депутаттар жөнөкөй кызматкерден кечирим сурашсын деген талап коюлган.
Көп өтпөй Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Талантбек Тынысовдон кечирим сураган.
Ал эми Талантбек Тынысов Govori.TV агенттигине: «Азыр да мамлекеттик кызматкер болуп тургандыктан эч нерсе дей албайм. Коомчулуктун колдогонуна ыраазымын. Мен деле жыйынга бара жатканда тил угам деп ойлогон эмесмин да, чыккан соң жөнөкөй адам уруш уккан соң кандай сезсе ошондой эле абалда болдум»,-деген ою менен бөлүштү.
Тынысов айлыгы 15, 16 миңдин тегерегинде экенин кошумчалады. Ал 3 баланын атасы.