Жогорку Кеңештин депутаттары 30-декабрдан 8-январга чейин эл менен жер-жерлерде жолукмай болду. Мындай чечим бүгүн, 24-декабрда белгилүү болду.
Маалыматка караганда, депутаттар аймактарда шайлоочулардын маселелери менен таанышып, жергиликтүү калктын көйгөйүн угуп келет.
Белгилей кетсек, жаңы жылда кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат. Алдын ала маалымат боюнча, бул жолу иш күндөрү жылдырылбайт. 4-январдан 6-январга чейин кайрадан жумушчу күндөр. 7-январь, бейшемби, өлкөдө дем алыш күн, ал эми сегизинчи күнү дагы иш күн.