• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Зима будет! Депутаттар Арстан Алай, Дастан Сарыгуловго каршы мыйзам демилгелешти

12 Бирдин айы 2018 13:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.02.2018.Govori.TV
Парламент комитетинде «зима не будет» деген сыяктуу аба ырайы боюнча божомол айткандарга айып пул салуу сунушталды. Мындай сунушту депутаттар Мирлан Бакиров, Камчыбек Жолдошбаев, Абдумажит Юсуров демилгеледи.
Кыргызгидрометтин жетекчисинин орун басары Ырыскелди Асанкожоев эл өкүлдөрүнүн сунушун колдой турганын айтты.
«Көп учурда айрым жарандар туура эмес божомол айтып коюшат. Мындан түшүнбөстүктөр көп болууда. Ошондуктан мындайга чектөө киргизүү үчүн биз бул сунушту колдойбуз», — деди Асанкожоев.
Ал эми депутат Асылбек Жээнбеков бул мыйзамды ишке ашыруу татаал маселе экенин билдирди.
«Бир жылдары «зима не будет» деп коюп, эл ага ишенип алган учурларды көргөнбүз. Бирок бул маселенин ишке ашуусу кыйын. Анткени мындай учурда көзү ачык дегендерди да тыюуга туура келет», — деди Жээнбеков.

Булак: Супер.кж
Количество просмотров: 39