• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттар Чек ара, УКМК жана ИИМ башчыларынын жоопкерчилигин кароону сунуштады

7 Теке 2021 17:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду. Анын сонуңда парламент аталган окуя боюнча чечим чыгарып, токтом кабыл алды.

Ага ылайык, президент Садыр Жапаровго сунуш, Башкы прокуратура менен министрлер кабинетине тапшырмалар берилди.

Токтомдо төмөнкүлөр жазылды:

  • Президентке укук коргоо органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Чек ара кызматынын жетекчилигинин жеке жоопкерчилигин кароо сунушталсын.
  • Министрлер кабинети жана Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны өлкөгө алып келүү жана КР Конституциясына, эл аралык укуктук талаптарга ылайык мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык чараларды көрсүн;
  • Башкы прокуратура тарабынан адамдардын жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо ишинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата мыйзамсыз аракеттерди табуу, алдын алуу жана жоюу иштери менен алектенген, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтарган кызмат адамдарынын ишине укуктук баа берилсин.

Эскерте кетсек, “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. 6-июль күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын ЖМКларга берген маегинде билдирди.

Количество просмотров: 143