• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Депутаттар үгүт иштерине байланыштуу шайлоого чейин тыныгуу алышты

3 Аяк оона 202013:32 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштей турган болду. Тиешелүү токтом парламенттин бүгүн, 3-сентябрда өткөн сессиясында кабыл алынды.

2-октябрга чейин парламенттин жыйындарын токтото турууну спикер Дастанбек Жумабеков сунуштады. Ал муну азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттарынын көпчүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турганы менен түшүндүрдү. Жогорку Кеңештин трибунасын үгүт иштери үчүн колдонбоо үчүн жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү керек деп негиздеди. Депутаттар спикердин сунушун колдоду.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кайсы партиялар шайлоого барарын 3-сентябрдан калбай жарыялоого тийиш.

Количество просмотров: 81