Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алды. Депутаттар мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берди.
Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна берүү аталган мыйзам долбоорунда каралып жатат. Конституциялык сот өзүнүн чечимин төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча кайра карашы мүмкүн, эгерде:
1) чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;
2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
3) чечим Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.
Буга чейин юристтер менен кээ бир депутаттар мыйзам долбооруна сын-пикирлерин айтышкан.
Президент Садыр Жапаров сунуштаган Конституциялык соттун чечимин кайра кароого жол ачкан мыйзам долбоору 17-июлда коомдук талкууга коюлган. Анда Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун (Консот) төрагасынын сунуштамасы менен кайра карашы мүмкүндүгү айтылган.
Констициялык соттун чечимин кайра кароого жол ачуу аракеттери активист Алтын Капалованын арызы тууралуу чечиминен кийин башталган.
Конституциялык сот үстүбүздөгү жылдын июнь айында активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызын карап, анын негизинде чечим чыгарган. Ага ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар. Окуя коомчулукта ача-пикир жараткан.