• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Конституциялык соттун чечимин кайра кароо туурабы?

27 Аяк оона 2023 15:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 26-сентябрдагы жыйынында президент Садыр Жапаров демилге кылган «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Ошол эле учурда юристтер менен кээ бир депутаттар мыйзам долбооруна сын-пикирлерин айтышууда.

Президент Садыр Жапаров сунуштаган Конституциялык соттун чечимин кайра кароого жол ачкан мыйзам долбоору 17-июлда коомдук талкууга коюлган.  Анда Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун (Консот) төрагасынын сунуштамасы менен кайра карашы мүмкүндүгү айтылган.

Констициялык соттун чечимин кайра кароого жол ачуу аракеттери активист Алтын Капалованын арызы тууралуу чечиминен кийин башталган.

Конституциялык сот үстүбүздөгү жылдын июнь айында активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызын карап, анын негизинде чечим чыгарган. Ага ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар. Окуя коомчулукта ача-пикир жараткан.

Количество просмотров: 118