• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Депутаттар «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорду кабыл алды

25 Кулжа 202022:45 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуштаган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып,  колдоо тапты.

Көпчүлүктүн нааразы пикирине карабай, аталган мыйзам долбооруна 79 депутат «макул», 10 депутат  каршы добуш берди.

Бүгүн Ак үйдүн алдында дал ушул мыйзам долбооруна каршы митинг өткөн. Айрым депутаттар интернетти тескөө тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылышкан эле.

Ал эмиГүлшат Асылбаеванын фейсбуктагы баракчасына жазган постуна социалдык тармактын колдонуучулары нааразычылыгын билдирип, 4 миңден ашык комментарий түшкөн.

Долбоордун авторлорунун бири, депутат Гүлшат Асылбаева долбоор сөз эркиндигин чектөөгө эмес, адамдын ар-намысын, абийирин коргоого багытталганын айтып жатат.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору «Кыргызстандын Конституциясына каршы келет» деген билдирүү тараткан болчу.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш түнгө чейин иштеп калды. Акыркы сессияда  60тан ашуун мыйзам каралып жатат.

Количество просмотров: 103