• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттар тобу “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын сунуштоодо

21 Бугу 2020 16:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Айнуру Алтыбаева, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Бакиров тарабынан демилгеленген “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында жазылды.

Демилгечи депутаттардын бири Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоору саясий партиялардын ролун жогорулатуу багытында иштелип чыкканын белгилеп: “Колдонуудагы “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзам 1999-жылы кабыл алынган жана азыркы шарт-талаптарга жооп бербейт”, – деди.

Андан тышкары эл өкүлү айрым партиялар шайлоо үчүн гана түзүлө калып жатканына токтолуп, алар аймактарда иш алып барбай жатканын кошумчалады.

“Мыйзам долбоорун сунуштоого негизги себептердин бири катары партиялардын ишмердүүлүгүнүн жабыктыгы десек болот. Анткени саясий партиялар ачык-айкын, мүчөлөрүнө отчет берген шартта иш алып барышы керек. Айрыкча, программасы, уставы, каржылык абалы, талапкерлерди сунуштоо тартиби жана башка партияга тиешелүү бардык маалыматтар ачык болушу зарыл”, – деди депутат Айнуру Алтыбаева.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун колдоп, каржылоо булагы болбогон учурда, бул жааттагы көйгөйдү чечүү үчүн партияларга коммерциялык жана коммерциялык эмес мекемелерди түзүүгө уруксат берүү сунушун берди. Андан тышкары, партиялардын лидерлеринин жеңил алмашуу механизмин киргизүүнү демилгеледи.

Ал эми депутат Алтынбек Жунус уулу мыйзам долбоорундагы саясий партиялардын ишмердүүлүгүн мамлекеттик каржылоо тууралуу пунктка каршылыгын билдирип, бюджетти артыкчылыктуу багыттарга жумшоо маанилүү экенин белгиледи.

Айнуру Алтыбаева депутаттын бул сунушу боюнча аталган пунктту экинчи окууда алып салууга каршы эместигин айтты.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 42