Депутаттар штабдарды түзүп, гумжардам уюштуруу маселесин карадык. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева билдирди.
«Кыргыз-тажик чек арасында абал кооптуу болуп турат. Жогорку Кеңеш атайы штаб түзүү жагын карадык. Ошол эле учурда Ош шаарында дагы экинчи штаб ачылат. Анда гуманитардык жардам уюштурганы жатабыз»,-деди депутат.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, чек ара маселесин жабык эшик артында карады. Төрага Талант Мамытов бүгүн саат 13:00дө эл өкүлдөрүн кезексиз отурумга чакырган.