• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутаттын уулу алдамчылыкка шектелүүдө

10 Аяк оона 2020 10:14 Бишкек Govori.TV


Алдамчылыкка шектелген кыргызстандык Данияр Ибраевди Болгариядан Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир нече курулуш компаниясынан милицияга кайрылып, Данияр Ибраев аттуу жаран курулуш арматурасын алып келип берем деген шылтоо менен 500 млн сом алып алдап кеткени туралуу арызданышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө «Строймир» ЖЧКсынын башкы директору 1992-жылы туулган Ибраев Данияр Саматбекович аттуу жаран 7 жабырлануучунун ири көлөмдөгү акчасын алдамчылык жолу менен ээлеп алганы аныкталган. Келтирилген зыян 507 млн 352 миң сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. 2019-жылдын 24-январында Ибраев 7 алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканы сырттан билдирилип, ошол эле күнү Свердлов райондук соту ага карата камакка алуу чечимин чыгарган. 26-январь күнү ал Интерпол аркылуу издөөгө алынган.

Данияр Ибраев 28-февраль күнү Болгариянын бийлиги тарабынан София шаарында кармалган. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, Данияр Ибраев — Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевдин уулу.

Количество просмотров: 130