• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаровдун уулу депутаттыкка талапкерлер менен жолугуп жатабы? Президенттин админстрациясынын жообу…

7 Аяк оона 2021 17:13 Бишкек Govori.TV

Президенттин админстрациясы депутат Дастан Бекешевдин «Жапаровдун баласы саясатка аралашууга аракет кылууда» деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

«Садыр Жапаров жакындарынын саясатка аралашуусу боюнча пикири өзгөрүлгөн жок. Өлкө башчысы бир туугандарымды, жакындарымды мамлекеттин иштерине аралаштырбаймын жана жогорку кызматтарга дайындабайм деп, мурда эле бир нече жолу айткан»,-деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Бекешев Жапаровдун уулу Рустам депутаттыка талапкерлер менен ар жакта жолугуп жатканын билдирген. Мындай окуя мурдагы эки президенттин учурунда болгонун эске салган эл өкүлү, бул нерсенин аягы өлкө үчүн кейиштүү аяктаарын эскерткен.

Садыр Жапаровдун уулу депутаттыкка талапкерлер менен жолугуп жатабы?

Количество просмотров: 6681