Япониядагы «Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) коронавирус жуктуруп, өз убагында медициналык жардам алгандан кийин айыккан кыргызстандык жаран бүгүн, 9-мартта Бишкекке келгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
«Өлкөгө кайткан мекендешибиз обсервацияга алынып, коронавируска кайрадан анализ тапшырды. Анын абалы канааттандырарлык. Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2-мартта кабыл алган чечимине ылайык, коронавирус катталган өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген жарандар 14 күнгө карантинге алынат», — деп айтылат мекеменин маалыматында.
Эске салсак, 28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Япониядагы «Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) круиздик лайнеринде кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын маалымат жыйында билдирген. 1-мартта ооруканадан чыгарылып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылган. Ал акыркы текшерүүдөн өткөндө коронавирус аныкталган эмес, мындан улам ага сертификат берилген.