• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Диний-экстремисттик идеологияны жайылткан чет элдик жаран кармалды

13 Аяк оона 20229:58 Бишкек Govori.TV

Диний-экстремисттик идеологияны жайылткан чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштардын бердиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 5-бөлүгү («Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо») боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2022-жылдын 8-сентябрында КР УКМК тарабынан 2018-жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет мамлекеттин жараны Ч.Д.Д. кармалды.

Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында анын убактылуу жашаган жеринен ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, банк карталары, көп сандагы телефондор жана сим-карталар, ошондой эле тергөөгө тиешелүү материалдар табылып алынды.

Азыркы учурда кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, ага карата ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 118