• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Диний-экстремисттик уюмдардын материалдарын тараткан жаран кармалды

21 Аяк оона 20229:49 Бишкек Govori.TV

Диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аэропортунан “Новосибирск-Ош” авиакаттамы менен учуп келген, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген Кыргыз Республикасынын Ж.М.П. аттуу жараны кармалды.

Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган. Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 94