«Кумтөр» кенинде алтын өндүрүү жана сатуу мурдагыдай процедура менен жүрүп жатат. Бул тууралуу «Кумтөр голд компани» ишканасынын өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов билдирди.
«План боюнча кенде күнүнө 585 миң тонна тоо тектери казылат, анын ичинен 18 миң тоннага чукулу алтын кошулмасы бар руда. Бир күндө фабрикада 35-40 килограмм таза алтын ылганып чыгууда»,-деди ал.
Кошумчалай кетсек, 28-майда өкмөт жана Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенге ЖМК өкүлдөрүн алып барып, убактылуу тышкы башкарууга өткөндөн кийинки абал, кендин ишмердүүлүгү менен тааныштырды.