• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Диссертацияларды уурдаган саясатчылар

1 Тогуздун айы 2018 19:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.

Илимий ачылыштар аз, бирок илимдин докторлору менен кандидаттары көп. Кыргызстанда 4 миң 72 илимдин кандидаттары жана 880 илимдин докторлору жогорку окуу жайларда эмгектенишет. Мындан улам изилдөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында Кыргызстадагы белгилүү  саясатчылардын илимий эмгектеринен уурулук табылды.

Бүгүн Орусиянын “Диссернет” коомун негизөөчүсү физик Андрей Заякиндин Кыргызстандагы белгилүү 20 адамдын илимий эмгеги уурулук менен жазылганын жарыялады.

Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты, Экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров дагы бар. Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы Каржы министри Акылбек Жапаровго кайрылганыбызда пикир айтуудан баш тарткан.

Буга чейин Башкы Илим департаменти каржылаган илимий-изилдөө иштеринин 43ү мыйзам бузуу менен жазылганын аныктаган. Мунун ичинен 30 иш уурдалган, 13ү каржылоо тизмесине мыйзамсыз кошулган деп табылган. Уурдалган эмгектерди каржылоого 18,5 млн. сом, ал эми мыйзамсыз тизмеге кошулган изилдөөлөр үчүн 5 млн. сом мамлекеттик бюджеттен төлөнгөн.

Количество просмотров: 18