Бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук мелдеши өттү.
Достук мелдешинде 9 гол киргизген президент Садыр Жапаров беттештин бомбардири аталды.
Ал эми башкы байге – кубокту “Өнөр” командасы алса, экинчи орунду “Алга”, үчүнчү орунду “Президенттин администрациясы” командасы алды.
В тайпасында “Президенттин администрациясы” командасы “Федерацияны” 3:2 эсебинде утса, “Өнөр” командасы менен 2:2 эсебинде тең чыкты. Ал эми тайпанын акыркы оюнунда “Федерация” командасы менен “Өнөр” 1:1 эсебинде тең чыккан.
Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө.
Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышты.