• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

ДСУ: Вируска ысык-суук аба ырайы эч кандай таасир этпейт

29 Теке 2020 15:21 Бишкек Govori.TV

COVID-19 — сезондук оору эмес. Бул тууралуу журналисттерге Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий өкүлү Маргарет Харрис онлайн-брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, эл пандемияны грипп катары карап жатышат, ошондуктан коронавирус илдети толкун-толкуну менен жайылат деп ойлошууда.

«Бул дем алуу аркылуу жугуучу вирус болгондугуна карабастан, аба аркылуу жуккан башка вирустан айырмаланат. Жыл мезгилдери бул вирустун жугушуна анча деле таасир этпейт окшойт», — дейт Маргарет Харрис.

Ал социалдык аралыкты сакташ керек, кол жууп, зарыл болгон жерлерде беткап кийип, оорунун белгилери байкалган болсо эч жака чыкпай үйдө отуруп, алар карантинге алынышы керек экендигин эскертти.

Харрисдин айтымында, азыр баары эле бул чараларды колдонушпайт, анткени алар коронавирус илдети сезондук оору деп ишенип алышып, жай мезгилинде жукпайт деп чечим чыгарып алышкан.

«Жай бул эң чоң маселе. Вируска ысык-суук аба ырайы эч кандай таасир этпейт», — деп катуу эскертти.

Количество просмотров: 111