• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ду Дэвэнь Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды

11 Жалган куран 201915:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.03.2019. Govori.TV

Бүгүн, 11-мартта Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы жаңы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда кыргыз-кытай кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана күтүлүп жаткан эки тараптуу жогорку деңгээлдеги иш сапарларга даярдыктарды талкуулашты.

Эске салсак, Кытайдын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Сяо Цинхуа дипломаттык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу өткөн айда ишин тапшырып берген. Цинхуа бул кызматта 2016-жылдын 19-сентябрынан бери иштеп келаткан.

Количество просмотров: 36